www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

8-июлда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;

Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 28…33;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 16…21, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 33…35 градус болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости