www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайлык аалымдар кыргыз тарыхына арналган дагы бир китеп чыгарды. Бул тууралуу тарыхчы Кыяс Молдокасымов билдирди.

"Өлкөбүздү каптаган апаатка, алты айдан бери маяна албаганыбызга карабай, кытайлык тарыхчылар менен кызматташуубузду жемиштүү улантып жатабыз. Өткөн жылы эки өлкө башчыларына тапшырылган жыйнакты да (эски кытай тилинен) каражат бөлүнбөсө да акырындап котортуп жатабыз. Кайсыл бир учурда мамлекет каражат берип калаар деген үмүт менен", - деди тарыхчы. 

На изображении может находиться: текст

Ошондой эле ал аталган эмгек жакында эле жарык көргөнүн кошумчалады. 

"Цин сулалеси мезгилиндеги буруттар" деп аталат. 1758-1864-жыл делгени менен андан мурунку жана кийинки кыргыздарга тийешелүү далай окуялар камтылган. Ал учурда кытай булактарында кыргыздар "буруттар" деп кездешээрин билесиздер. Китептин автору биздин өтүнүчүбүз менен бул китепте эмнелер камтылганы тууралуу 10 беттик макаласын жазып жиберди. Буюрса алгач макаланы, андан соң китепти котортуп, кыргызча чыгартып алсак, ал доордогу бир топ маалыматтар ачыкка чыкмакчы.

Айтмакчы Пекин шаарында эмгектенип жатышкан кесиптештерибиз быйыл да жайында Кыргызстанга келип жаңылыктары менен бөлүшүп, биргелешкен илимий жыйын өткөрүп, кыдырып кетишмек. Бирок ааламды каптаган апааттан улам жай айына пландалган ишибиз кийинкиге жылдырылды", - деди Кыяс Молдокасымов. 

На изображении может находиться: рисунок

На изображении может находиться: 2 человека, шляпа

На изображении может находиться: текстНа изображении может находиться: 2 человека

Булак: NazarNews.kg

Последние новости