www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматы акимдиги 8-март – Аялдардын эл аралык күнү марш өткөрүүгө уруксат берди. Бул тууралуу Feminita тобу кабарлады.

Топтун маалыматына караганда, жүрүштү Feminita менен бирге «КазФем», «ФемСреда», SVET кору менен FemAgora тобу уюштуруп жатат. Алар митинг үчүн керек болгон каражатты жыйноо үчүн краудфандинг баштоого ниеттенишүүдө.

2020-жылы 8-мартта Алматыда өткөн аялдар маршына 200дөн ашуун аял катышкан. Акция учурунда катышуучулар «Ар бир аял манилүү» деген жазуусусу бар гүлчамбарды өрттөшкөн. Полиция муну «бейбаштык» катары сыпаттап, жүрүштүн эки катышуучусуна айыппул салган.

Быйылкы марш Казакстанда кабыл алынган «Тынч жыйын жөнүндө» жаңы мыйзамдын негизинде өтөт. Казак бийлиги коомчулуктун сынынан кийин митинг мыйзамын өзгөртүп, эркин пикир билдирүүгө жол ачууга убада берген. Бирок талдоочулар жаңы кабыл алынган мыйзамда дале чектөөлөр көп экенин айтышууда. Азыркыга чейин Казакстанда митинг өткөрүү үчүн уруксат алуу кыйын.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости