www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул боюнча маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, райондук ЖК комиссиянын жыйынтыгын жарыялады.

2017-жылдын 7-майында жалпы 1000 турак жай текшерилип, 529 турак жай авариялык абалда жана 8 үй кыйроого учураган. КР ӨКМ тарабынан берилген 550 чатырдын Шибээ айылына 53 чатыр берилип, 265 жаран көчүрүлгөн, Жекенди айылына 75 чатыр берилип 450 жаран көчүрүлгөн, Чулук айылына 61 чатыр берилип 244 жаран көчүрүлгөн, Кара-Тейит айылына 121 чатыр берилип 605 жаран көчүрүлгөн, Кара-Мык айылына 234 чатыр берилип 1572 жаран көчүрүлгөн. Жалпы 544 даана чатырга 3136 жаран жайгаштырылган. Калган 5 даана чатыр көрөңгөдө турат.

2017-жылдын 07-май күнү Жекенди айыл аймагына караштуу Жекенди айылында Райимкулова Калбүбү (4 тургун) турак жайынын батыш тарабындагы тоо кыркасынан болжол менен көлөмү 306м3 болгон жер көчкү сүрүлгөндүктөн, Мониторинг департаментинин адистери тарабынан изилденип аталган атуулду коопсуз аймакка көчүрүү боюнча айыл өкмөткө эскертме берилип, айыл өкмөт тарабынан коопсуз аймакка убактылуу көчүрүлгөн. Көмүскөдөгү чатырдан 1 даана чатыр бөлүнүп берилген.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости