Суу каптоо коркунучунан үйлөрдү сактап калышты
Расмий кабарлар  |   |  1411

 

7-май күнү жааган жаан чачынга байланыштуу, Чүй облусунда, Бурана дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Ибраимов айыл аймагына караштуу Кара-Ой айылынын жанындагы Дача тилкесинде 8 турак үйдү жана короо жайын суу каптоо коркунучу жаралган.

Райондук суу чарба башкармалыгынан техникасынын аракетинде суунун жээгин бекемдөө жана ичин тазалоо иштери жүргүзүлүп, 8-май түнү саат 01:00дө турак жайларды суу каптоо коркунучу жоюлганы боюнча ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Булак: «NazarNews.kg»

Поделитесь с друзьями