www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2019-жылдын 25-октябрында Россиянын Забайкалье аймагында аскер кызматында жүргөн катардагы жоокер Рамиль Шамсутдинов нөөмөттү тапшыруу учурунда ок аткан. 20 жаштагы жигиттин огунан 8 киши каза болуп, экөө оор жарадар болгон. Жоокер кишилерди атып салгандыгына себеп аскердеги уставдык эмес мамиле (дедовщина) жана аскер бөлүгүндөгү зордук-зомбулук экендигин маалымдаган.
Рамиль Шамсутдинов жөнүндө анын мурда сүйлөшүп жүргөн кызы өз пикирин Лайфка айтып берди.
Анын айтымында Рамиль мындай жолго бармак эмес. Аны ушул жолду тандоого жеткиришкен.
“Рамиль абдан сабырдуу, нерв болчу эмес. Мүмкүн аны кордошкон чыгар. Бирок Рамилден башкалар деле мындай мамилеге чыдай албайт эле. Ал жөнөкөй, токтоо болгондуктан чырды тынчтык жолу менен чечкенге аракет кылчу. Мындай окуя болушу мүмкүн эмес эле. Рамиль өспүрүмдөр жана аскердик лагерлерге барып, аны чоң компания курчап турчу. Тегерегиндегилер аны баалап, баркташчу.
Ал абдан жоопкерчиликтүү болгондуктан, жооптуу иштерге дайындашчу, нөөмөткө да узак убакытка турууну суранышчу”,-деп билдирген Рамилдин мурдагы сүйлөшкөн кызы.
Эске сала кетсек, Рамилди сержант жана катардагы жоокерлер сабашып, унитазга башын тыгышкан. Акыркы жолу кордук көрсөткөн кишилердин "сени зордуктайбыз" деген сөзүнө, мындан ары мындай кордукка чыдай албагандыгына көзү жеткенден кийин аларды атып салгандыгын бир нече айдан кийин өзү кат аркылуу билдирип, огунан жаракат алгандардын үй-бүлөсүнөн кечирим сураган.
Булак: NazarNews.kg