www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2-мартта Биринчи май райондук сотунда бүгүн баштапкы сот жараянында иш тууралуу маалымат берилет.
Сот жараянына мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да айыпталуучу катары катышууга алып келишти.
Белгилей кетсек, 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуясы боюнча алгачкы соттук угуу өтүүдө. Соттук отурум жабык режимде өтө турган болду, Алмазбек Атамбаевди сүрөткө жана видеого тартууга уруксат берилген жок.
Эске сала кетсек, 2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.
Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишти ИИМдин Тергөө кызматы тергеп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон.
Кой-Таш окуясына айыптуу деген дагы беш адамдын иши өзүнчө тергелип жатат, себеби алар тергөө менен кызматташууга макул болушкан.
Булак: NazarNews.kg