www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тизме: Коронавирус кайсыл өлкөлөргө тарап кеткен?

Кытайдын Ухань шаарынан тараган вирус дүйнөнүн 63 мамлекетине жайылып, вирусту жуктургандардын жалпы саны 90912 адамга жеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, вирустан каза болгондордун саны 3 миң 117ге жеткен. Каза болгондордун ичинен 66 адам Иранда, вирустун үчүнчү очогу болгон Италияда 52ге жетти. Ал эми Түштүк Кореяда - 22, Японияда - 6, АКШда - 6, Францияда - 3, Австралияда - 1, Филиппинде - 1, Тайванда - 1, Таиландда-1. Калгандары Кытай мамлекетинин бир катар провинцияларында жана шаарларында катталды.

Вирусту жуктуруп алгандардын 80 миң 144ү Кытайда, Түштүк Кореяда - 4 335, Италия - 2 036, Иран - 1 501, Япония - 274, Франция - 191, Германия - 159, Испания - 120, Сингапур - 108, АКШ - 102, Гонконг - 100, Кувейт - 56, Бахрейн - 49, Таиланд - 43, Швейцария - 42, Тайвань - 41, Улуу Британия - 40, Австралия - 30, Малайзия - 29, Канада - 27, Ирак - 26, Норвегия - 24, Бириккен Араб Эмираттары - 21, Нидерланды - 18, Австрия - 18, Вьетнам - 16, Швеция - 15, Ливан - 13, Израиль - 10, Макао - 10, Бельгия - 8, Сан-Марино - 8, Хорватия - 7, Греция - 7, Эквадор - 6, Исландия - 6, Оман - 6, Финляндия - 6, Мексика - 5, Индия - 5, Дания - 4, Пакистан - 4, Катар - 3, Чехия - 3, Грузия - 3, Алжир - 3, Филиппин -3, Орусия - 3, Румыния - 3, Азербайжан - 3, Индонезия - 2, Бразилия - 2, Португалия - 2, Египет - 2, Ооганстан - 1, Непал - 1, Литва - 1, Камбожа - 1, Андорра - 1, Сауд Арабиясы - 1, Ирландия - 1, Нигерия - 1, Сенегал - 1, Армения - 1, Эстония - 1, Македония - 1, Марокко - 1, Люксембург - 1, Монако - 1, Беларусь - 1, Жаңы Зеландия - 1, Латвия - 1, Шри-Ланка - 1 жана башка аймактарда - 705.

Картинки по запросу "коронавирус карта онлайн"

Муну менен катар эле коронавирустан 47 миң 951 адам оорудан сакайып, үйлөрүнө чыгарылган.
 
Булак:NazarNews.kg

Последние новости