www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Коопсуз шаарды" жөндөй албаган өкмөткө сын айтылды

Жогорку Кеңештин жыйынында "Коопсуз шаар" маселеси көтөрүлдү.

"Бир-Бол" партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов "Коопсуз шаар" долбоорунун түзүлгөнүнө 8 жыл болгонун айтып 8 жылда канчалаган кырсыктар болгонун ачууланып санап берди. Башкы прокуратура “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендерлердин үзгүлтүккө учуроо себептерин иликтеп чыгып, жооптууларды жазага тартышы керек- дейт Сулайманов.

Ага кошумча эле депутат Абдывахап Нурбаев "Коопсуз шаар" долбоору эки жолу үзгүлтүккө учурады. Бир долбоорду эптей албаган өкмөт бизге керекпи? Натыйжасыз иштеп жатканынын далили ушул! Дүйнөдөгү бардык мамлекеттерде, анын ичинде коңшу Казакстанда да эчак эле бул долбоор ишке ашырылган. А биз жада калса сынакты да эптеп өткөрө албайбыз", - деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости