www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын 80 жаштагы тургуну Ибрагимова Халипа эне жардамга муктаж. 2 уул, 1 кызы бар. Кызы күйөөгө чыгып, өз турмуш арабасын тартуу менен алек. Чоң уулу Абдирашит 53 жашта психикалык жактан оорулу, ал эми кичүү уулу 46 жаштагы Курсантбек оор жаракаттан улам 5-6 жылдан бери эки көзү көрбөйт.

Булардын ушундай акыбалга түшүшүнүн кесепети катары коогалаңда бир топ адамдардын ур-токмогунда калып, чоң уулу ооруканага түшүп башынан алган оор жаракатынан улам онкологияда операция болгон жана натыйжада психикалык жактан травма алып оорулу болуп калган. Ал эми кичүү уулу Курсантбек көзүнөн жаракат алып, кан көп кеткендигинин натыйжасында 2 көзү көрбөй калган. Учурда дайыма бирөөнүн жетелеп жүрүүсүнө муктаж.

Дарыгерлер эгер көзүнө операция жасаса бир көзүнүн көрүү мумкүнчүлүгунө ээ болоорун айтышкан. Балдардын улуусу Абдирашиттин үй-бүлөөсү мындай кейиштүү абалдан улам күйөөсүн карабай таштап кеткен. Кичүү уулу ушул убакка чейин үйлөнө элек жана турмуш курууга шарты жок, бул маселеге көзүнүн абалы да оорчулук жаратып жаткандыгын айтат.

“Багы жокко, дагы жок” дегендей Халипа эне жаштайынан эле жесир калып, эми ушул балдарынын убайын көрөм дегенде ушундай аянычтуу акыбалга түшүп, эки баласын өзү карап олтурат. Эне өзү нервтен ооруйт, балдары экөөсү тең майып. Бул үй-бүлөө жашаган батир өтө начар абалда, шарттары боюнча ашкана, дааратканада суу түтүктөрү иштебейт жана свети өчүп сантехникалык оңдоо жүргүзүү зарыл. Халипа эне учурда 80 жашка таяп калса да орозо тутуп келет. Бул үй-бүлөө материалдык жана моралдык жактан колдоолорго муктаж.

Кимде-ким бул үй-бүлөнүн мүчөлөрүнө ден-соолук жагынан кам көрүп, даары-дармектерине, ооруканасына жардам берип, Рамазан айынын акыркы күндөрүндө соопко калам дегендер болсо төмөндөгү номерге байланышыңыздар:

Байланышуу үчүн Халипа эненин номери: 0559 232723
Дареги: Ош району, Джим көчөсү 12-үй

Булак: NazarNews.kg

Последние новости