www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналисттерге асылып, алардын кесиптик ишмердүүлүгүнө шек келтирип, минген машиналарына дейре сугун артып, акылдуусунган Акылбек Жапаров учурда алапайын таба албай, мойнуна ыргытылган сыйыртмактан кутулуунун аргасын издеп убара.

Өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөпкө асылган Жапаров жеке менчик МИС ишканасына берилген 200 миллион сом насыяны сиңирип кете албай, күптү болуп турган чагы.

Эми бул акчаны кусуп берүүгө тийиш. Бирок коррупция бонча кылмыш иши козголгонуна карабай камалбай жатканына коомчулук нааразы.

Эмне Жапаров маалымат каражаттары жазгандай, үйүнө молдо чакырып дем салдырып койсо эле абактан тышкары калыш керекпи? Демди түрмөдө отуруп деле салдыра берсе болот.

Ал жакта деле дем салчулар чыгат…

Булак: “Фабула”

Последние новости