www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германияда "Marburger Bund" дарыгерлер союзунун жетекчиси Зузанне Йона коронавирустун экинчи толкуну башталганын билдирди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Анда жазылгандай, учурда аталган өлкөдө коронавирустун экинчи толкуну башталды, бирок ал мурунку март-апрель айына салыштырмалуу алсызыраак.

"Биз экинчи толкунду өткөрүп жатабыз" деген Йона.

Анын айтымында, экинчи толкун биринчи март-апрель айына салыштырмалуу алсызыраак. Ошого карабастан илдеттен жабыркагандардын саны өсүп жатат. Мындан сырткары германиялык клиникалар экинчи толкунга даярдык көрүшкөн.

Йона бет капты кийип, гигиенаны сактоо керектигин белгилеп, коопсуздук стандарттарын сактоого үндөдү. Ал бет кап кийүүнү унаадагы коопсуздук куру салыштырды. "Бет кап - кур сыяктуу өмүрдү сактайт", - деди ал.

Германияда 212 миң 328 адамдан илдет аныкталса, 194 миң 8 бейтап оорудан сакайган. Тилекке каршы, 9 миң 161 адам каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости