www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ата-энем дыйкан. Мен 2- же 3-класста окусам керек эле Талаада дарбыз, коон эгет элек. Айылдагылар дарбызды уурдап кетпесин деп, мени талаага көз салып турганга калтырып коюшчу. Дарбыз, коон бышкан убак каникул эмеспи, айылдаш бир байке келип зордуктап салган. 2 жыл болуп калды кайтыш болуп кетти. Эч кимге айтпа деп коркуткан. Бирок үйдөн апама ыйлап айтып салдым. Апам аябай ыйлап кайгырып, мага эч кимге айтпа деген. Эл журт билсе уят деп түшүндүрдү. Андан да “байкең намысынан асынып өлүп алат” деп ыйлады.
Ошентип азыр ал сырды апам экөөбүз эле билебиз. Балдар менен мамиле кылгандан корком. 18де болсом да эч ким менен тамашалашып деле сүйлөшпөйм. “Сүйөм-күйөм” деп Вотсаптан жазып калышат. Бирок менде кызыгуу деле жок. Коркконум күйөөгө кантип тием деп көп ойлоном же кыздык жасатсаң болобу? Кыздык жасатсаң билип калат деп уккам же жигит менен мамиле куруп баштаганда чындыкты айтыш керекпи? Кандай ойлойт, кантип түшүнөт, айткандарыма ишенеби деген да ой жаралат?
Интернет булактарынан алынды
Булак: NazarNews.kg