www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстанда 3-августка караган түнү «Ислам мамлекети» (ИМ) экстремисттик тобу Нангархар провинциясындагы түрмөгө чабуул жасап, бери дегенде 39 киши мерт болду.

Ооган аткаминерлери өлгөндөрдүн арасында жай тургундар, коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери, соттолуучулар бар экенин билдирди. Алардын маалыматына караганда, 10 жоочу өлтүрүлгөн. ИМ тобу Amaq агенттиги аркылуу жоопкерчиликти өз мойнуна алганын жарыялады.

Жоочулар чабуулдун башында Желалабад шаарындагы түрмөнүн аймагындагы автоунааны жардырып жиберишкен. Алар абактын ичине кирип келишкен соң коопсуздук күчтөрү менен атышуу болгон. Чабуулдун жыйынтыгында жоочулар 1 800дөй соттолуучуну бошотууга үлгүрүшкөн. Алардын арасында талибдер, ИМ тобунун мүчөлөрү жана башка кылмышкерлер болгон.

3-август күнү эртең менен коңшу имаратта жайгашкан коопсуздук күчтөрү менен атышуу уланган. Ооган аткаминерлери түштөн кийин чабуул токтогонун, бирок түрмөдөн качып чыккан соттолуучулардын көбү эркиндикте экенин билдиришти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Последние новости