www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-августта Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүн капиталдык реконструкциялоонун жүрүшүн көрүп чыкты. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы стационарлардын иштөө мөөнөтүн жыйынтыктоо жакындап калганын, жаңы ооруканаларды куруу жана реконструкциялоо тездетилерин белгиледи.

Аталган оорукана 1986-жылы курулгандан тартып жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратына капиталдык реконструкция жүргүзүлгөн эмес. Буга байланыштуу бүгүнкү күндө имараттын 15 орундуу бир канаты гана иштейт. Капиталдык оңдоп-түзөө менен жугуштуу оорулар бөлүмүн 100 орунга чейин кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк жаралат.

Президент медицина кызматкерлери менен баарлашып, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү көйгөйлөр гана эмес, саламаттыкты сактоо тутумундагы көйгөйлөрдү дагы кеңири талкуулады. Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиевдин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Медицина кызматкерлери мамлекеттин ооруканаларды куруу боюнча демилгесин колдоого алып, ошол эле маалда жаңы кадрлардын жетишсиздиги көйгөйүнө токтолуп, жаңы кызматкерлерди материалдык жана моралдык жактан колдобой туруп, аларды саламаттык сактоо тутумунда кармап калуу мүмкүн эместигин баса белгилешти. Ошону менен бирге дарыгерлер коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча иштерди улантууга толугу менен даярдыгын билдиришти. Жоготуулар коштолгон азыркы кырдаалды «көрүнбөгөн жоо менен согуш» деп атап, ошол эле маалда бул илдетке каршы кыргызстандыктар туруштук берерине ишенерин айтышты.

Мамлекет башчысы дарыгерлердин кадр жетишсиздиги боюнча айткандары менен макул болуп, катардагы дарыгерлердин эмгегин жогору баалады. Коронавирус инфекциясы абалы көп жылдан берки начар башкаруунун жыйынтыгынан жана системанын кыйрашына алып келген реформалардан улам саламаттыкты сактоо системасынын бардык көйгөйлүү жерлерин ачыкка чыгарганын кошумчалады. Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, өлкөнүн бардык тармактарын жапырт санариптештирүү жүрүп жатат, бул көмүскө экономикадагы каражаттарды мыйзамдаштырууга өбөлгө болот.

«Бул каражаттар биринчи кезекте медицина кызматкерлеринин, мугалимдердин эмгек акыларын көтөрүүгө багытталат. Өткөн жылы айлык акылар көтөрүлдү, бирок түшүнүп турам, бул аз. 5 миң сом алган дарыгерлерден эмнени талап кыла алабыз? Бул көйгөй ар дайым менин көңүл борборумда, биздин медиктерибиз мамлекет тарабынан материалдык, моралдык жактан дагы колдоо ала тургандай баарын жасайбыз», - деди президент.

Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдын башында эле Коопсуздук кеңешинин күн тартибинде саламаттыкты сактоо маселеси тургандыгын белгиледи. Коопсуздук кеңеши тарабынан саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө тоскоол болуп жаткан көйгөйлөр толук иликтенип чыккан, бирок илдеттин пайда болушунан улам аларды талкуулоо кийинкиге жылдырылган.

Ал коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаал турукташар менен саламаттыкты сактоо системасы боюнча маселелер абалды жакшыртуу боюнча конкреттүү чечимдерди кабыл алуу үчүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында талкууланарына ишендирди. «Антпесе, биз баарыбыз калктын саламаттыгы коркунучта калганына күбө болдук», - деп кошумчалады президент.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости