www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Бишкекте 6 жаштагы баланы унаа сүзүп кетти

Бишкекте айдоочу алты жашар баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу журналисттерге жабыркаган баланын апасы Салиха Төлөбаева билдирди.

Анын айтымында, кырсык 29-июлда “Дордой” базарынын жанында болгон. “Honda Stepwgn” унаасынын айдоочусу жолдон өтүп бара жаткан баланы сүзүп кеткен.

«Менин уулум жаракат алды, азыр ал баарынан коркуп жатат. Ооруканадан чыгардык, анткени ал жерде орун жок. Айдоочу өз күнөөсүн мойнуна албай жатат жана баланын дарылануусуна акча төлөгөн жок. Ал менин баламды атайылап трассага чуркап келди, себеби кырсыктан мени акча өндүргүсү келип жатат деди. Тергөөчү эч кандай чечим чыгарган жок, унааны айып короосунан алып кетишти», – деди апасы.

Борбор калаадагы ички иштер башкармалыгы кырсык фактыны тастыктады. Бөлүмдүн маалыматы боюнча, тергөөчү соттук-медициналык экспертизага буйрук берген жана учурда бул иш боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости