www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу ,Шамурза Бөрүкулов Убактылуу Өкмөт тууралуу билдирүү жазып чыкты. 

"Акыйкат ачыкка чыгар күндөр Кудай буюрса алыс эмес окшойт, себеби он жылдан бери карапайым эл айтып чарчаган, бирок бийликтегилер, саясий серепчилер, кыргыз элине башы көрүнгөн таанымал адамдар жашырган кылмыштар акырындан айтыла баштаптыр. Аким Турат сөздү баштап келип, аягын суроо катары бүтүрүп коюптур. Өзүнүн суроосуна өзү жообун беш колундай билет, себеби бул адам өтө билимдүү, "достойный" адам. Убактылуу Өкмөттүн 2010-жылы 7 апрелде УӨ дешип өздөрүн атап, үч бийликти:
-аткаруу бийлигин
-сот бийлигин
-мыйзам чыгаруу бийлигин өздөрүнө ыйгарып алганынын бир эле себеби бар: Бул шакалдар Бакиевди кетиргенде Кыргызстанга, кыргыз элине күйгөн үчүн кетиришкен эмес. Бакиев кетти, өлкө башкаруусуз калды. Булардын максаты ошол тополоңдон пайдаланышып, байып алыш керек эле. Байып да алышты. Баарын Бакиевге шылтап да коюшту. Жакшылап ой жүгүртүп көргүлө: УӨттүн мүчөлөрү 2010-жылга чейин кимдер эле, андан кийин ким болушту? Баардыгы чириген миллиардер болушуп чыга келишти. Бир эле мисал: Атамбаев дайыма ырдап келген: "мен Акаевдин убагында эле миллионер элем, Акаев эшек мингенде, мен ат минип жүрчүмүн" деп. Атамбаев миллионер болсо, 2009-жылы аны камакка алабыз деп барышканда, жашаган үйүнүн акыбалын көз алдыңарга бир элестетип көргүлө. Жепирейген эле, кадимки эл жашаган үй болчу, ордуңдан турсаң башың потолокго жеткен.

Мыйзамды керегинче бузушуп, толгон токой кылмыштарды кылышып, кийин өз ара ынтымактары кеткенде, акырындап өздөрүнүн көчүгүн өздөрү ачып, былыктарын чубап чыгышты го. Атамбаев Отунбаеваны "самозванка" деп атап, өмүрүндө бир жолу акыйкат сөздү айткан. Демек, Отунбаева "самозванка" болсо, анда дал ошол "самозванка" деген сөздөн кийин тергөө иштери токтоосуз башталыш керек эле. Биз деген мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз да. Мына ошондо бул акмактардын өздөрүн "УӨ" деп аташып, ошол эле убакта өздөрүнө үч бийликти ыйгарып алган абдан чоң кылмыштары ачылыш керек болчу. Өздөрү мыйзам чыгарып, өздөрү аткарып, финансы жагы да өздөрүндө, соттой турган орган да өздөрү болуп жаткандан кийин, башка сөз кошуп болобу? Кыргыз элиндей башка дагы "лох" эл бар болду бекен деген суроо туулат? Болбосо ушул кылмыштарды көрүп, билип туруп он жылдан бери "как будто" эч нерсе болбогондой жашап келебиз. Бул деген мыйзамды өтө одоно бузгандык болуп эсептелет. Андан тышкары, бир мамлекетти оор кезеңде башкарды деп айтып жүрүшкөн Отунбаевадай экс президент, бүткүл элдин көзүнчө өзүн "самозванка" дегизип, кемсинтип, жерге жаткызып тебелеп, көчүгүнө казык кагып киригизип койсо да былк этпеди.

Болгону, көчүгүн эки жака бултаңдатып, таарынып калган 18 жашар кыз баштанып параддан чыгып кетти. Менимче, мындай соккудан кийин, ал Атамбаевди сотко бериш керек эле, эгер эле баары мыйзамдуу болсо, өзү эч нерседен коркпосо. Жоок, ал куйругун чатына кыскан бойдон, тойдо осурган жоосунсуз орсок тиш катындай болуп алигиче былк этпей жүрөт. А биз, бул "самозванкага" кыргыз элинин башына салган бүлүндүргүч иштери үчүн, түштүк согушун уюштурганы , 7-апрелде элди аттырганы, жылаңачтарды музейге алып келгенин баалап, "экс" деп айына 100 миңден төлөп, багып жатабыз. УӨттүн ар бир мүчөсү 2010-жылы өлгөндөрдүн канынан, жетим-жесир калгандардын көз жашынан, үй-жайынан ажыраган жүз миңдеген байкуш элдин эсебинен эбейгейсиз байып алышты. Биз маңкурттар, биздин өзүбүздү, балдарыбыздын келечегин, Кыргызстандын эртеңин талкалаган фашисттерди алигече колдоп, ал эми кыргыз элин ойлоп бар күчүн, бар билимин аябаган Бакиевдей бир туулчу лидерди баардык балакетте айыптап, кордоп, жаманаты кылып келебиз. Биз мындай калыстыктан тайган акмакчылыктарыбыз менен Кудайдын каарына калганбыз. Ошондуктан бирибиз эки болбой, белчебизге чейин карызга батып, элибиз темселип сыртта башка улутка кул болуп, кордолуп келебиз. Демек, УӨттүн "шакалдары" жазасын алып, Бакиевдин аты акталмайынча, эч качан жарыбайбыз. Муну бөркүңөрдөй көрүп, жүрөгүңөргө сактап койгула",-деп Шамурза Бөрүкулов жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости