www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда түндөн бери кар жаап жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жана Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында жамгыр жаап жатат, ал эми республиканын калган аймактарында күн бүркөө. Учурда Төө-Ашуу, Өтмөк жана Ала-Бел ашууларында кар жаап жатат.

ӨКМ адистери тоолуу унаа жолдору менен алыскы сапарга чыга турган айдоочуларга унаанын дөнгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жаныңыздарга унаа жолго керектелүүчү жабдууларды ала жүрүүлөрүн эскертет. Мындан сырткары унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо талапка ылайык.

Кырдаалды жеринде көзөмөлдөө максатында КР ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын Жайыл району бөлүмүнүн кызматкерлери жерине жөнөп кетишкени маалымдалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости