www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 23-октябрда Москва шаарында Кыргыз өлкөсүнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы, аткаруучу катчысы Сергей Лебедев менен жолукту. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлады.

Жолугушууда министр Руслан Казакбаев Кыргыз өлкөсүндөгү ички саясий абалдын турукташканын айтып, учурда жүрүп жаткан саясий процесстер укуктук талаага кайтып келгенин белгилегени маалымдалат.

"Жолугушуунун жүрүшүндө КМШ кызматташтыгынын алкагындагы актуалдуу маселелер талкууланды. Ошондой жогорку деңгээлдеги алдыда өтө турган иш-чараларга даярдыктар жөнүндө сүйлөшүлдү. Ошондой эле шериктештиктин алкагында ар тараптуу кызматташууга эки жак тең даяр экендиктери айтылды" , - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кечээ, 22-октябрда Орусияга иш сапары менен учуп кеткен. Анда министрдин Орусиянын бир катар дипломаттары жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугуушусу күтүлүп жатканы маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости