www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери көптөгөн кыргыз ишкерлери өз товарларын чет өлкөлөрдөн ала албай жатышат. Бул тууралуу базарлар ассоциациясынын президенти Дамира Дөлөталиева экономика министринин бизнес чөйрөсү менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, дээрлик беш айдан бери ишкерлер Кытай менен чек ара жабык болгондуктан товарларын ала элек.
«Абал күндөн-күнгө курчуп баратат, чек арадагы өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууну суранабыз. Көпчүлүк соодагерлердин насыялары бар», - деди ал.
Ошондой эле ишкерлер мөөнөтсүз нааразычылык акциясына чыгып, 2020-жылдын 1-ноябрынан тарта Социалдык фондго бардык салыктарды жана төгүмдөрдү төлөөнү токтотууга убада беришет.

Бул жердегилердин бардыгы кыйкырып, бажы жана чек ара боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатканда, казактар тынч эле КЭРдин кардарларын тартып алды. Азыркы учурда базарларда товар калбай калды, деп жазат 24 кж агенттиги.

--Мен Кыргызстандын абалына күйүп турамын. Кырдаал оор. Батыштын ар кайсы күчтөрдүн кызыкчылыгын ойлогон “Азаттык”, Бейөкмөт уюмдар, ишкерлерди чоочуткан Али Токтакунов эми Кыргызстандын элин баксын. Элди тескери жакка бурмалап ызы-чуу жараткан 6-октябрда бийлик үчүн аянтта артист болгондор элди баксын, - деди Ыргалай Бекмуратова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости