www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Алай районунун Будалык айыл аймагында 2018-жылдын 28-январында саат 08:00 чамасында Октябрь айылынын тургуну Д. Матишов Сары-Күңгөй тоосун көздөй аң улоого кетип, дайынсыз жоголгон (акыркы жолу 28-январда саат 16:00дө үй-бүлөөсү менен байланышкан). Ошондон бери издөө иштери жүргүзүлүүдө. 4-февраль күнү издөө иштерин улантуу үчүн КР ӨКМнин Алай райондук №68 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 8 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 120 адам жана РИИБден 9 кызматкер тартылып, саат 19:00гө чейин жүргүзүлдү. Караңгы кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган.

2018-жылдын 5-февралы күнү саат 08:37де КР ӨКМнин Алай районундагы №68 өрткө каршы куткаруу борборунан (ӨККБ) 8 куткаруучужергиликтүү тургундардан 45 адам жана РИИБнен 22 кызматкер менен биргеликте издөө иштерин жүргүзүү үчүн чыгып кетишкен. Саат 11:00дө Будалык айыл аймагынан издөө иштерине кошумча 25 адам тартылган. Ошондой эле, саат 13:10до КР нын ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан (ККББ) ыкчам топ Көчмө башкаруу пунктунун (ППУ) унаасы менен жерине чыгып кетишкен.  

Издөө иштерин натыйжасында, 5-февраль күнү саат 15:16 чамасында Ат жайлоосунда Д.Матишовдун жансыз денеси табылган, - деп билдирет КР ӨКМнин басма сөз кызматы. Азыркы мезгилде маркумдун сөөгүн алып келүү иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости