www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бийликтин мыйзам чыгаруу бутагынын ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына депутатка онлайн кайрылуу менен түз байланышууга жол ачкан жаңы жабдуу киргизилди. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Аталган жабдуу аркылуу расмий сайттагы депутаттын жеке баракчасынан, анын ишмердүүлүгү менен толук таанышуу менен ага түздөн-түз кайрылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Айрыкча, жеке баракчадан депутат демилгелеген мыйзамдар, анын катышуусундагы видео жана фото материалдар, ошондой эле эл өкүлүнүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу башка жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган маалыматтарды табууга болот.
Ал эми жаңыланган депутаттын жеке баракчасынын бет ачары ушул жылдын 7-февралында саат 13:00дө Жогорку Кеңештеги Басма сөз борборунда өтөт (3-кабат). Иш-чарага парламент депутаттары, Басма сөз кызматынын жетекчиси жана баракчаны иштеп чыккан адистер катышат.
Аккредитациядан өтүү үчүн 63-92-00 номурларына кайрылууңуздарды өтүнөбүз, - деп билдирди Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg