www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров учурда камакта жаткан саясатчылар акыйкатсыз соттолду деп эсептейт. Ал бүгүн Бишкекте маалымат жыйын куруп, өлкөдөгү коомдук-саясий абал тууралуу пикирин билдирди.

Мадумаровдун белгилешинче, Кыргызстанда сот системасы бир топтун кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат:

- Эл да, саясатчылар да сотторго ишенбейт. Талгарбеков, Жапаров, Текебаевдер акыйкатсыз камалды. Соттор бир кишинин колундагы камчы. Эмнеге соттоп жатканын өзүлөрү да билбейт.

Былтыр декабрда Бишкекте "Саясий туткундарга эркиндик" аттуу жарандык форум өтүп, анда саясий негизде куугунтукка алынган жана камалган саясатчылар, активисттер, журналисттердин саны 30га жакындап калганы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости