www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист Кабай Карабеков президент Сооронбай Жээнбековдун доо арызы боюнча 5 миллион сом төлөнө электигинин себебин түшүндүрдү.
Былтыр сентябрда 24.kg сайтына Кабай Карабековдун "Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат" деген макала чыккан.
Ошол учурда президенттикке талапкер болгон Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы макаланы "ушак жана жалган жалаа" деп баалап, сотко кайрылган.
Доочу моралдык зыян катары макаланын автору Кабай Карабеков менен 24.kg агенттигинин ар биринен 5 миллион сомдон өндүрүүнү талап кылган. Свердлов райондук соту, андан кийин шаардык сот Жээнбековдун штабынын талабын канааттандырган.
Эске салсак, 5-февралда Жээнбеков 24.kg маалымат агенттигине каршы 5 миллион сомдук айыппул өндүрүү талабынан баш тартты.
Карабеков 5 миллионду төлөй электигине байланыштуу ага 16-январдан тарта Кыргызстандан сыртка чыгууга тыюу салынды.
Булак: NazarNews.kg