www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында отургузулган көчөттөрдү сатып алуу боюнча “Жашылдандыруу чарбасы” (“Зеленхоз”) мекемесинин кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин ("Коммерциялык жана башка ишкана кызматкерлеринин кызмат абалынан пайдалануусу"), 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 306-беренеси ("Мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу") боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Тергөөдө аныкталгандай Бишкек шаардык мэриясы 2017-жылдын бюджеттик планына ири көлөмдүү көчөттөрдү сатып алуу максатында 60 000 000 сом бекитилгенин аныктаган. Ага ылайык “Жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык ишканасы менен "Арт Грин” ЖЧКсынын ортосунда 18 615 980 сомдук төрт келишим түзүлгөн. Анын ичинде, көчөттөрдүн айрым түрлөрүн 9 090 сомдон сатып алуу тууралуу былтыр 23-октябрда кол коюлган келишим да бар.

Мындан сырткары “АГТ Азия” ЖЧКсы менен 8 948 816 сомдук эки келишим, “Зиар Строй” ЖЧКсы менен 14 млн 481 миң сомдук алты келишим түзүлгөн.

Учурда кылмыш ишинин алкагында тамырлары жабык системасы менен ири көлөмдүү көчөттөрдү сатып алуу фактысы боюнча аудит жүргүзүлүүдө. Тергөө жүрүп жатат.

Бишкек мэриясына караштуу “Жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык ишканасы 9 миң сомдук көчөттөр атайын комиссиянын, экологдордун сунушу менен алынганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости