www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Атамбаевдин кошелёгу» каймана атка конгон К. Кулматовтун үстүнөн кылмыш иш козголуп, ал УКМК тарабынан камакка алынбай эле, тил кат менен ээн-эркин жүрөт азырынча. Көрсө, кытайлык ТВЕА компаниясы эки миллион долларга курчу Калыс-Ордо конушундагы мектепти ушул Кулматов аш кылып жиберген деген айып коюлуп атыптыр. Кытайлардан бир миллион доллар акчасын банк эсебине которттуруп, бирок мектепти бүтүрө албаган «Alto Group» ишканасынын жетекчиси Кубат Шаршекеев дагы камакка алынганын биз ишенимдүү булактардан уктук.
Бул айтылуу Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Марат Шаршекеев жана Борбор Азиядагы эл аралык университетинин ректору Камила Шаршекееванын бир тууган иниси болгонун эске салабыз. Биз болсо угушубузча, бул чатакка түздөн-түз Текебаевдин сүйүктүү физиги - Жоомарт Оторбаевдин дагы тиешеси бар экенин эшиттик. Көрсө, ал өкмөттү жетектеп турганда «эксперименталдуу долбоор» деп токтом чыгарып бериптир. Калыс-Ордолук тургундарынын балдарына эксперимент кыла берсе болот деп. Эмне эле Жоомарт Кайыпович Жогорку Кеңештеги талкууга катышпай жоголуп кетти десе, көрсө ТВЕАга түздөн-түз тиешеси бар экенин билип, сыртка чыгып кеткен тура.
Булак: "Жаңы Ордо"