www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Массачусетс штатындагы (АКШ) Тонтон шаарынын 9 жаштагы кичинекей тургуну Кейтлин МакКейб миллион адамдын ичинен бирөөндө гана кездешчү оорудан жабыркайт. Бул тукум кууган оору медицинада пигменттик ксеродерма - аллергия деп аталат, жөнөкөйлөтүп айтканда, күн нуруна өтө сезгич болуу.

Сейрек кездешүүчү бул оору эч айыкпайт экен. Эреже катары дарт бала кезинен башталып, жыл өткөн сайын күч алуу менен аягы айыкпас ооруга жеткизет. Бирок кызды күндүн зыяндуу нурларынан сактоонун бир жолу бар. Ал үчүн Кейтлин дайьша тулку-боюн калың кийимдер менен жаап жүрүүгө тийиш. Ошондуктан кыз көчөгө чыгарда башына сөзсүз скафаңдр сымал шлем, калың кийимден сырткары күндөн коргоочу май сыйпоосу абзел. Кокус Кейтлин күн жакшы тийип турганда шлем, бет майсыз көчөгө чыкса, анда 90 секундага жетпей күн нурунан катуу күйүк алышы күтүлөт. Анын кебетесин көргөндөр бал челекчи же астронавт деп лакап ат коюшуп, кызды шылдыңдагандар да болгон.

Кейтлин жетилүү курагына жетеби же оорусу онкология оорусуна жеткизип, эрте каза табабы деген суроого врачтардын жооп берүүсү кыйын. Эне кургур кызын нурдан коргоо максатында үйүндөгү бардык жарыкты өчүрүп, араң бүлбүлдөп күйгөн лампочкага алмаштырган. Кейтлиндин абалы караңгы түндө жана кышында гана бир аз оңоло түшөт экен.

Булак: "Сырдуу дүйнө"

Последние новости