www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 27-июнунда кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүдө ККМди колдонуу жана пайдалануу тартибин иштеп бүтүрүү жана ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо, айыл чарба кооперативдерин түзүүнү жана  эсепке алууну иретке келтирүү болуп саналат.

Ошондой эле соода-логистикалык борборлорду жана машина-трактордук станциялардын өнүгүүсүн колдоо, айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн, айыл чарба өндүрүүчүлөр жана айыл чарба кооперативдери үчүн жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жогорулатуу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости