www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда абдан көйгөйлүү маселелер туулуп жаткан. Ачык нерсени жаап салууга болбойт, ал эмес президент Сооронбай  Жээнбеков күйгөнүнөн белгилеп жаткандай, ата-энелер өз балдары менен кыргыз тилинде сүйлөшпөй калды деп. 2019-жылдын 23-сентябрында президент Жээнбеков мамлекеттик тил майрамына арналган салтанатта олуттуу билдирүү жасап, кыргыз тилинин өлкөдөгү абалына, анын статусуна, мындан ары өсүп-өнүгүшүнө өзгөчө маани берип, бул багытта абалды өзгөртүү үчүн жапатырмак аракеттенүү керек экендигин белгилеген.

Президенттин билдирүүсүн биринчилерден болуп Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы колдоого алыптыр. Башкармалыктын жетекчиси С.Ж.Маймерова мамлекеттик тилди орто мектептерде жана бала бакчаларда окутуу жөнүндө атайын буйрукка кол коюптур. Чынын айтыш керек, Маймеровага алкыш! Бишкектеги кыргыз эли көптөн күтүп жүргөн буйрукту чыгарыптыр. Кыргызстанда реалдуу мамлекеттик тил саясат жүргөн эмес. Ар бир көйгөйгө дыкат мамиле кылынып, мониторинг жүргүзүлүп, мамлекеттик тил саясатына өз учурунда өзгөрүүлөр киргизилип турган эмес. Өзгөчө, Бишкек, Ош жана башка чоң шаарлардагы абалды өзгөртүү үчүн тиешелүү иш чараларды жүргүзгөн эмес.

Ал эми тоолуу аймак эсептелген Нарын билим берүү башкармалыгын кечээ катуу сындап, шаардагы мектептердин 80 пайызы орус класстар деп айтышты эле. Ошол чынбы? Чын болсо, Маймерованын буйругун окуп алып, абалды тууралашар деген ой бар. Албетте, Нарын тоолуу аймагында негизинен кыргыз эли басымдуулук кылышат. Эми айыл жерлеринде сөз жок, ал эми Нарын шаарынын өзүндө 80 пайыз орус класстар болсо жыргап кеткен экенбиз.

Жеткиликтүү талап коюлбагандан кийин аткаруу бийлиги тил маселесин маанилүү көйгөйлөрдүн эсебинен чыгарып салган. Ошого СССР кулаганына отуз жылга жакын убакыт болсо да, Кыргызстанда мурдагы орус мектептери өз статусун сактап калып, кыргыз улан-кыздарын орусча окута берген. Балтика өлкөлөрү эбак орус тилин унуткан, Грузия, Молдова, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан орус тилинен четтеп кетишкен, Украина четтеп баратат. Орус тилин расмий тил кылып алган Кыргызстан гана Орусияны жалдырама тийгенсип тиктеп калган. Ал эмес Казакстанда казак тилин жакшы билбегендерди бийлик бутагына жолотпойт. Өкмөттүн, министрликтин мектептердин статустарын өзгөртүп коюу ойлоруна да келген эмес. Мунун айынан мамлекеттик тил таптаза унутта калып, расмий орус тили Кыргыз Республикасынын бийлигинин тилине айланып бараткан.

Бишкек шаарынын өзүндө канча кыргыз мектеби бар? Орус мектебинде кыргыз класстарын ачуу демилгеси дайыма тоскоолдуктар менен кан буугандай токтотулуп келаткан. Президент Жээнбеков мамлекеттик тил маселесине өз учурунда көңүл буруп, өкмөткө, министрликке тапшырмаларды берди. Ушунун негизинде  Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси С.Ж.Маймерова мамлекеттик тилди орто мектептерде жана бала бакчаларда окутуу жөнүндө атайын буйрукка кол койгон. Мындан ары Кыргызстанда да мамлекеттик тилге өзгөчө маани берилет го деген үмүт бар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости