www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзү назик аялзаты болгону менен эрки күчтүү, жүрөгүндө күйүп турган оту бар милициянын кыздары катарыбызда арбын.

Бүгүн Сиздерди мына ошол кесиптештерибиздин бири менен тааныштырганы турабыз, ал Интерполдун ИИМдеги Улуттук борбордук бюросунун ыкчам кызматкери, милициянын подполковниги Жошбаева Гүлсана Султанбековна.

Тянь-Шань штурмга алынганда…

…Бул окуя мындан 16 жыл илгери, 2003-жылдын июль айында болуп өткөн. 20 адам, анын ичинде «Келечек» жаштар уюмуна кирген жаш милиционерлер, атайын багыттагы отряддын күжүрмөндөрү, Ички аскерлердин жоокерлери жана беш альпинист Тянь-Шань тоо кыркаларындагы деӊиз деӊгээлинен 4152 метр бийиктикте жайгашкан чокуну багындырып, ал чокуну «Кыргыз милициясынын чокусу» деп аташкан. Иш-чара Кыргыз милициясынын 80 жылдык юбилейине карата кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлеринин урматына арналып өткөрүлгөн. Бийиктикти багындырууга аттангандар атайын даярдыктан өтүп, ак батаны алган соӊ жолго чыгышкан. Алардын катарында жалгыз аялзаты, тал чыбыктай болгон жапжаш лейтенант кыз бар эле. Жанындагылар алгач кызды карап «кантээр экен» деп санааркап турушса, бийиктикке көтөрүлгөн сайын лейтенанттын өжөр, эрки күчтүү, чыдамкай жана шамдагай экенине, анча-мынча жигиттерди жолго калтыра турганына көздөрү жеткен. Ал лейтенант биздин Гүлсана Жошбаева экенин түшүнүп тургандырсыз, окурман.

«Кыргыз милициясы чокусун» багындыргандар өз кезегинде, эркинин күчтүүлүгү, каармандыктары үчүн Ички иштер министринин атайын буйругу менен Ардак грамотага арзып, сүрөттөрү менен аты-жөндөрү ИИМдин Ардак китебине киргизилген…

«ЖОЛДОШ МИНИСТР, МИЛИЦИЯ БОЛГУМ КЕЛЕТ»

Эрки күчтүү ошол лейтенант кыз бүгүн минтип милициянын подполковниги, ИИМдин түрдүү тармактарында талыкпай иштеп келе жаткан кесипкөй айым. «Комсомолка, активистка и наконец красавица» деп тасмада айтылгандай эле, биздин Гүлсана да кезинде коомдук иштердин активдүү катышуучусу, көзгө атар мергенчи, жөө күлүк да болуптур. Милицияга кирердин алдында ал кездеги министр Т.Айтбаевге аӊгемелешүүгө кирип, тыкылдап туруп милиция болгусу келгенин айткан экен. Эмгек жолун ИИМдин Коомдук коопсуздук башкармалыгынан баштаган Жошбаевага насаатчысы, ардагер полковник Э.Кочкоров милициянын ишинин көптөгөн сырларын үйрөтүп, кагаз ишине так болууну көӊүлүнө кыттай куят.

«Милиция жашоосун көрсүн, үйрөнсүн дештиби, мени кайсыл жерде жумуш болсо, мени ошол жакка жөнөтүшчү. Азыркы Жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу борборунда канча жолу түнөбөдүм дейсиз. Полковник байкелер убактылуу кармоочу жайларга барганда «аялдарга кароо жүргүзөсүӊ» деп ээрчитип алышчу мени.

Эсимде, жаӊыдан эле ишке киргенимде башкармалыктын башчысы Эсенкожоев форма кийе электигиме карабай, үйрөнсүн, көрсүн дедиби, айтор, кызматкерлердин катарында көчөгө курчоого тургузуп койгон эле...

Күндөп-түндөп, ысык-суукта кызматта жүргөнүмдө атам өзүнүн кесиптештерине кайрылып, «менин кызымды кое берип койгула, аягыла» деген сыяктуу сөздөрдү эч качан айткан жок. Атам өзү бул кызматтын кишиси болгондуктан, мени үйрөнсүн, такшалсын, бышсын деген экен, мен үчүн бул сыноодон өтүү кийинки эмгек жолумда абдан чоӊ тажрыйба болду. Менин тандоомду колдогон атакем, бүгүнкү күнгө чейин жол көрсөтүп, кеп-кеӊешин айтып келет»-деп эскерип алды өткөндү каарманым. Ушул жерде Гүлсана Жошбаева ИИОдо көп жылдар бою талыкпай эмгектенип келген ИИМдин Ардагерлер кеӊешинин төрагасы, ардагер полковник Султанбек Жоошбаевдин кызы экенин айта кетели.

ТИЛ БИЛСЕӉ - ААЛАМ САГА ЖОЛУН АЧАТ

Гүлсана Бишкектеги Кыргыз улуттук университетинин чыгыш таануу факультетинин бүтүрүүчүсү, экинчи диплому боюнча юрист. Япон, англис тилдерин эркин билгендиги, ал тилдерде кат жаза алгандыгы дүйнө жүзү боюнча 192 мамлекет мүчө болуп кирген Интерполдогу ишине жол ачкан. «КУУда окуп жатканда эле мага бир нерсе жетишпей жатканын сезчүмүн, - дейт кызматы тууралуу ой бөлүшкөн милициянын подполковниги, - атамдын милиция кызматкери экени мага чоӊ таасирин тийгизди окшойт, КУУда окуп жаткан учурда эле Кыргыз-Славян университетинин юридика факультетине тапшырдым.

Тышкы иштер министрлигинде стажиравкадан өтүп жүргөн кезде, форма кийип ИИМдин эл аралык байланыш бөлүмүндө иштөөнү кыялдана баштадым. Тагдыр буйруган экен, ошентип кыялым 2001-жылы ишке ашты…»

Эки жыл коомдук коопсуздук кызматында иштеген соӊ, каарманым кийинки жылдары ИИМдин маалымат технологиялары жана программалык камсыздоо бөлүмүндө инженер-программист, ИИМдин, андан соӊ Бишкек шаары боюнча Ыкчам-талдоо башкармалыгында ыкчам кызматкер, Маалымат-талдоо борборунда тескөөчүсү болуп эмгектенет. 2008-жылы Интерполдун ИИМдеги Улуттук борбордук бюросуна ыкчам кызматкер болуп дайындалып, бүгүнкү күнгө чейин эмгектенип келет.

ТЕСТИРЛӨӨДӨН ӨТКӨН ЖАЛГЫЗ БИЗДИН КЫЗ…

Гүлсана Жошбаева бүгүнкү күнү эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө өз салымын кошуп келе жаткан кызматкер. Издөө тармагынын адиси, оор кылмыш иштери, уурдалган автоунааларды издөө боюнча иш алып барат. Өз ишин жатка билген мыкты офицер. Айтылган сөз кургак сөз эмес экенин мисал менен далилдей кетейин. 2015-жылы министрдин буйругу менен ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлерин аттестациялоо башталат. Тестирлөөдө кызматкердин чет тилин билгендиги, дене тарбия жана күжүрмөн даярдыгы, күжүрмөн самбонун ыкмаларын билгендиги элекке салынат. Ошондо Интерполдо иштеген 7 кызматкердин ичинен жалгыз аттестациядан өткөн, сыноолорго туруштук берген дал ушул Гүлсана Жошбаева болгонун эч кимибиз тана албаспыз, бул тууралуу кезинде интернет сайттар да жазып чыгышкан. Ошол күндүн эртеси министрдин буйругу менен Жошбаева кызматынан бир тепкич жогорулап, улук ыкчам кызматкер болуп дайындалат. «Биз кызматта көчөгө чыгып кылмышкерди кармабаганыбыз менен, иш ордубузда кылмыштуулукка каршы күрөшүп келебиз. Ойлайн байланыш аркылуу Интерполго мүчө мамлекеттердин укук коргоо кызматтары менен байланышып, маалымат, келген каттар боюнча атайын ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, аларга жооп кайтарып дегендей, иш тынымсыз жүрүп келет. Кылмышкерлерге эл аралык деӊгээлде издөө жарыялоо үчүн биз Франциядагы Интерполдун Башкы Катчылыгына атайын кат менен кайрылабыз. Жооптордун, каттардын баары англис тилинде жүргүзүлүп келет…» дейт иши тууралуу милициянын подполковниги Жошбаева

КИРПИККЕ КАТЫЛГАН БИР ТАМЧЫ…

…Бул дүйнөдө армансыз жашаган, телегейи тегиз адам чанда кезиксе керек. Айтайын дегеним ай-чырайы келишкен, акыл-эстүү, милициянын мыкты кызынын- бүгүнкү каарманымдын да кирпикке катылган көз жашы, ар адамга эле айтыла бербей турган сыры бар. Ал 2008-жылы өмүрлүк жары, милициянын майору Бакыт Жапаевдин ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп турган кезинде, күлгүндөй 30 жаш курагында жол кырсыгынан каза тапкандыгы…

Атасынан жаш калган жубайлардын кызы Айсымал Усенова бүгүнкү күнү 8-класстын окуучусу, апасынын чоӊ жардамчысы, таянаар тоосу…

Ушул жерде Жоошбаевдердин династиясы тууралуу айта кетпесек болбостур. Үй-бүлөдө ата жолун жолдогон бир гана Гүлсана эмес, бир тууган эжеси Бактыгүл Жоошбаева майор, учурда Мамлекеттик каттоо кызматынын 1-Май райондук бөлүмүнүн башкы адиси. Иниси Жоошбаев Марсел ЖКККББнын Бишкек шаары боюнча взводунун улук тескөөчүсү, милициянын лейтенанты. Династия бүгүнкү күнү Мекенге ак дилден ак кызматын арнап келүүдө…

Ырысбүбү САГЫМБАЕВА

Булак: NazarNews.kg

Последние новости