www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү эстрада ырчысы Урмат Үсөнов бүгүнтөн тартып жаңы кызматка киришмей болду. Ал маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Күтүүсүз жаңылык деп жатасыңарбы?

Бирок, ал андай эмес! Кеңешчи кызмат бул ырчы үчүн болгону машыгуу. Алкымы чоң. Андан калса сүйүктүү "крыша" агасы Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турганда ага жалаң гана светофордун жашыл түсү күйөт да. Дегенибиз, NazarNews.kg былтыр, 2018-жылы эле Дастан Жумабеков турганда Урмат Үсөнов жолдо калбайт деп жазып чыкканбыз. Мына дал ошонун далили болуп турат.

Дегенибиз, 2018-жылдын 14-октябрында кыргыз өкмөтү менен депутаттар футбол боюнча жолдоштук беттеш өткөргөн. Анда ал иш чаранын алып баруучусу ким эле? Туптуура, дал өзү Урмат Үсөнов. "Жердешчил агасы” Дастан Жумабеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жанында тимеле суудагы балыктай алып жүргөн өзүн.

Бирок, белгилей кетүүчү жагдай бар. Бул макала менен биз Урмат Үсөновдун иш тажрыйбасы же иштермандыгынан күмөн санаган жокпуз. Албетте, илимдүү, билимдүү, маданият тармагында тажрыйбасы мол жана жаңы кызматында бир гана ийгиликтерди каалайбыз. Болгону фактыны келтирип жатабыз. Ал эми жогорудагы сүрөттөр дал ошол 2018-жылдын 14-октябрындагы жолдошттук беттештен алынган көз ирмемдер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости