www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жанна Фрискенин “Русфонд” кайрымдуулук фондуна болгон 22 миллион рубль карызын белгилүү артист төлөп берди. Бул тууралуу ырчынын атасы Владимир Копылов билдирди. 

Карызын жаап берген артисттин атын Фрискенин атасы атаган жок, бирок ал адам карыз төлөө үчүн  2 миллион карыз алганын кошумчалады.

“Карыздын баары жабылды. Баары бүттү... Бир адам бизге аябай жардам берди. Ал шоу дүйнөсүнөн”, -деп Фрискенин атасы Владимир “Звезды сошлись” программасынан эфирде сүйлөдү. 

Буга чейин орусиялык маалымат булактары онкологиялык оорудан каза болгон Жанна Фрискенин жактоочусу Юрий Нечаев “Русфонд” кайрымдуулук фондуна коюлган ырчынын колу жасалма деп айтканын жазып чыгышкан. Ырчы Жанна Фриске 2015-жылы онкологиялык оорудан каза тапкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости