www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Укук коргоочу Качкынбек Булатов учурдагы “каралардын” кадамын айтып, «Мадина» базарындагы жеке ишкерди мисал кылып, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору К.Ашырбаевдин өмүрүнө бандиттер кол салганына кабатырланганын билдирди. Булатов өлкөдө «каралардын» кадамы барган сайын өлкөдө күчөп жаткандыгын айтып NazarNews.kgге пикирин билдирди.
- Жакында Кыргыз Республикасынын президенти С.Ш.Жээнбеков коргоо кеңешинин жыйынында тоо кен өндүрүшүндө орун алган коррупция жана анын уламдан улам күчөп жаткандыгы жөнүндө баса белгиледи.
Ооба, өлкөнүн экономикасынын өнүгүшү үчүн өзгөчө өбөлгө боло турган тышкы инвестициянын тартылуусуна бут тосулуп, мамлекеттик деңгээлдеги кылмышкерлер пайда болуп жаткандыгы айныгыс факт. Президент өз сөзүндө коррупциялык схемалардан улам, инвесторлордун ишмердүүлүгү колдоо таппай, аларга материалдык, моралдык жактан дагы зыян келтирилип, потенциалдуу инвесторлор өлкөдөн чыгып кетип жатышканын өкүнүч менен айтты. С.Жээнбеков күч органдарын катуу сындады. Акча каражаттарын биздин өлкөнүн экономикасына тобокелдик менен салган инвесторлорду коргогондун ордуна аларды кордоп, тоноп, өлтүрүп, рейдерлик басып алуу фактыларынын орун алышы келечегибизге кыянаттык менен балта чабууга барабар эмеспи.
Жакында «Мадина» базарындагы жеке ишкерди өлтүрүп кетишсе, андан эки күн өтпөй «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору К.Ашырбаевдин өмүрүнө бандиттер кол салып, аны өлтүрүүгө аракет кылышкан. Кудайдын амири менен ал жеңил жаракат алып, аман калды. Кылмыш топтору эми минтип мамлекеттик кызматкерлерге кол салганы, албетте, өлкөдөгү коопсуздук маселесинин курч экендигинен кабар берет.
Тилекке каршы, биздин мамлекетте адамга кол салуу, өлтүрүү өнөкөткө айланган көрүнүш. Буга күч органдарынын айрым өкүлдөрүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп, кылмышты убагында ачпай, кайра кылмышкерлерге көмөк көргөзүп, жаап жашыруусу, кылмыш чөйрөсүндөгүлөрдүн баш көтөрүүсү себеп десек жаңылыштык эмес. Ушундан улам өлкөдө өтө коркунучтуу тенденция түзүлүп калды. Акыркы убакта прокуратура мыйзам чегинен чыгып, өзүлөрү кылмыш иштерине аралашкан фактылар орун алган. Облустук жана жергиликтүү күч органдары жеке кызыкчылыгын көздөгөндүгү үчүн Кара-Кече көмүр кенинде кылмыш тобуна эркиндик берген. Ошондуктан, кара алтынга ээ болуш үчүн кылмыш топтору үзгүлтүксүз кармашып, бир далай адамдардын өмүрлөрүнө зыян келтирүүгө жана жок кылууга жеткирген фактылар бар.
Албетте, милиция, прокуратура алсыз болгондуктан, кылмыш топторуна күнү түшүп, мыйзамсыз иштерге жол берилүүдө. Натыйжада, көзөмөлдүн жоктугунан ири өлчөмдөгү көмүрлөр уурдалып, укук тартибин коргоочулар менен кылмышка шектүүлөр табакташ болуп калышканы жалпы калайык калкка маалым.
Ачык айтылган уурулук фактыларды жаап-жашырып келген үчүн кылмыш топтору мыйзам чегинен чыгып, эми минтип мамлекеттик чиновникке кол салып жатканы кимдин болбосун үрөйүн учурбай койбойт.
Албетте, мындай кылмыштардын бети ачылбай келген жана ачылбашы толук мүмкүн. Балким, дал ошол күч органынын колдоосу менен жасалган иш болушу мүмкүн. Болбосо, көмүр уурулуктан өлкөгө экономикалык ири зыян келтирип жаткан кылмыштуу топко эмне үчүн милиция, прокуратура, каржылык полиция, салык инспекциясы коңгуроо кагып, сокку урууга аракет кылбайт.
Анткени баарынын жеке кызыкчылыктары бар. Кылмыш топтору күч алып, күч органын көз каранды кылганга жетишти. Арга жоктон президент тарабынан коюлган талаптарды мыйзам сакчылары аткарабы же айтылган сөз ошол бойдон калабы деп айтууга туура келет экен. Президент өз элин коргой алабы? - деген суроо дагы туулбай койбойт экен, -деди укук коргоочу Качкынбек Булатов.
Булак: NazarNews.kg