www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Боливиянын президенти Эво Моралес өзүнүн отставкасын жарыялады. Анын бул кадамына Боливиянын куралдуу күчтөрүнүн башчысы Уильямс Калимандын билдирүүсү түрткү болду.
Ал президентти кызматтан кетишин туура көрө тургандыгын кечээ жар салган. Аталган өлкөдө оппозициянын митинги үч жумадан бери уланып жатат. Нааразычылык акциясында курман болгондор жана жаракат алгандар бар. Нааразычылыкка чыккандар Эво Моралести президенттик шайлоодон кийин кызматтан тез арада кетүүсүн талап кылган. 20-октябрда Боливияда президенттик шайлоо өтүп, анда өлкөнүн жогорку шайлоо соту Эво Моралести жеңүүчү деп атаган. Ал эми анын шайлоодогу негизги каршылашы журналист Карлос Меса 11,5 пайызга аз добуш алды деп жарыяланган. Ошондон тартып Боливиянын төрт бурчунда нааразычылыктар күч алган.
Эво Моралес өлкөнү 13 жыл башкарды. Континетте Орусиянын негизги өнөктөшү катары таанылчу. Ошентип, Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү Орусия Латын Америкасындагы дагы бир жакын союздашынан кол жууп отурат.
Булак: NazarNews.kg