www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 20-февралда Акыйкатчынын аппаратынын өкүлдөрү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына барып, Алмазбек Атамбаев менен жолугушту. Бул тууралуу акыйкатчынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Алмазбек Атамбаев абактагы шартка даттанган жок. Анын айтымында, акыркы учурларда кан басымы төмөндөп, медицина кызматкерлерине кайрылууга мажбур болуп жатат.
«Жолугушууда башка көйгөйлөр да айтылып, Акыйкатчынын аппараты тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат», - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 19-февралда А.Атамбаевдин ден соолугу начар деген маалымат тараган. Ал эми 20-февралда УКМК анын абалы туруктуу экенин маалымдаган.
Булак: NazarNews.kg