www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саматбек Ибраев деген инсанды таанысаңыз керек. Учурда Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси. Улуу манасчы «Саякбай» фондун түзүп, манасчыларды колдоого алып келе жатканын билебиз. Мына ушул Самат мырза тууралуу жакында ММКларга бир материал жарык көрдү. Сынга алган.

Анда айтылгандай, Саматбек Ибраев 2007-жылдан бери Кыргызстандын аймагында курулуш материалдарын дүң жана чекене баада сатууну колго алып келе жаткан «Строй-мир» компаниясынын бир акционери Шабданов Майрамкулду сызга отургузуп, кууп чыгышыптыр.

Тагыраагы, рейдерлик жол менен компанияны толугу менен жеке менчигине тартып алуу аракетин көрүп жатканы ММКларда кеңири айтылууда.

Көрсө, 2010-жылдан 2018-жылга чейин «Строймир» ЖЧКда склад башчы болуп Шабдановдун тууганы иштептир. Ибраев бул жагдайды текке кетирбей арамзалык кылып, ага карата курулуш материалдарын жана акча-материалдык ресурстарды чыгарып кетүү боюнча жалган жалаа жапкан.

Ал эми Шабдановдордун Финполиция, прокуратура, ички иштер органдарына жазган арыздарын караттырбай, иштерди тыптыйпыл кылганга кусамат уруп келет.

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинде отурган  адамдын бул жоруктарына кандай түшүнсөк болот?

Баса, бул окуяны текшерүү учурунда Самат Ибраевдин уулу Данияр Ибраевдин кылмышка тиешеси бар экени аныкталып, сыртынан эки айга СИЗОго камакка алынганы айтылат. Чын эле уулу Данияр Ибраев аталган компаниянын кассасынан эбегейсиз чоң суммадагы акча каражатын мыйзамсыз чыгарып, белгисиз жакка куйругун түйгөнү чынбы?

Азырынча жооп жок, Кызыгы, Данияр Ибраев атасынын өнөктөшү Шабдановду гана эмес, дагы бир жарандын акчасын алдап, сызга отургузуп кеткенин PR-технологиялар боюнча адис Азим Азимов айтып чыкты. Мындан улам элди сыздатып, капчыгын калыңдаткан Саматбек Ибраевдин жогорку кызматта иштөөгө моралдык укугу барбы деген суроо туулат.

Ошол эле учурда бул боюнча пикир сурап өзүнө байланышканыбызда, «кайра чалам» деген боюнча кумга сиңген суудай эле жок болду. Андан кийинки телефон чалууларыбызга жооп берген жок. Албай кутулду.

Демек, артында калдыраган калбыры бар үчүн буйтактап качып атат да. Болбосо, түз берилген суроого түз жооп берип койгондон неге качат?! Алдыда али чоң сөз болчудай...

Булак: Де-Факто

Последние новости