www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор калаада Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери 19 жаштагы баланы тапанча менен коркуткан. Бул тууралуу видео oppa_kg. Telegram-каналында пайда болду.
Окуя 18-февралда болгон. Болжол менен саат 15:30да бир киши Көлбаев менен Калинина көчөлөрүнүн кесилишинде тапанча менен коркутуп жатышат деген кабар түшкөн.
Анын айтымында, эки белгисиз адам мас абалында ага келип, атып салабыз деп коркута башташкан.
Укук коргоочулар эки шектүүнү кармашкан. Алар 31 жаштагы К.К. жана 28 жаштагы М.П. шектүүлөрдөн тапанча табылган.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Бейбаштык” беренеси боюнча катталган.
Материалдын автору тапанча менен коркуткан киши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери деп айтып жатат.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы бул тууралуу маалымат тарата элек.
Булак: NazarNews.kg