www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева 31-мартта Бириккен Улуттар уюмунун Башкы катчысынын Атайын өкүлү, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборунун башчысы Наталья Германды кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда аялдарды колдоо, лидер айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу маселелери талкууланды. Андан тышкары, тараптар өлкөдөгү социалдык жана саясий абалды жөнгө салуудагы Бириккен Улуттар уюмунун колдоосу тууралуу сөз кылып, жакында өтчү шайлоолор боюнча пикир алмашты.

Аида Касымалиева 11-апрелде өтчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо алгач ирет айым талапкерлер үчүн 30 пайыздык квота бөлүнөөрүн белгилеп: "Лидер айымдардын жергиликтүү кеңештердин курамында көбүрөөк болушу элет жеринин турмушун бир кыйла жакшыртат, социалдык көйгөйлөрдүн чечилишине шарт түзөт деп ишенебиз", - деди.

Ошондой эле баарлашууда мыйзамдарды инвентаризациялоо жараянына эксперттик жардам алуу, ачык жана инклюзивдүү аянтчаларды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости