www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргызча берүүлөрү обого чыга баштаганына бүгүн 65 жыл толду. Кыргыз тилиндеги алгачкы уктурууну 1953-жылы 18-мартта Мюнхендеги студияда белгилүү кыргыз журналисти Азамат Алтай даярдап, обого чыгарган.
Чет жерде кыргыз тилинде жаңырган “Азаттык” радиосун Кансыз согуш маалында кыргызстандык угармандар кыска толкундар аркылуу гана уга алышкан.
“Азаттык” жергиликтүү жана эл аралык окуяларды эркин чагылдыруу укугуна Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ээ болгон. Мындай макулдашууга “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен Кыргыз мамлекеттик телерадио агенттиги Мюнхен шаарында 1992-жылы июнь айында кол коюшкан.
“Азаттык” радиосу (“Азаттык Медиа мекемеси”) бүгүн маалымат таратуунун заманбап бардык үлгүлөрүн айкалыштырган кеңири мультимедиалык маалымат каражатына айланды.
Бүгүн радиоберүүлөрдөн тышкары www.azattyk.org, www.rus.azattyk.org сайттары, “Ыңгайсыз суроолор”, “Азаттык+”, “Каректе Евразия”, “Данисте”, “Биз жана дүйнө”, “Эже-сиңдилер” өңдүү теледолбоорлор угармандардын, окурмандардын жана көрөрмандардын кеңири катмарына белгилүү.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Кыргыз кызматын Венера Жуматаева, “Азаттык Медиа мекемесин” Айзада Касмалиева жетектейт. Бул тууралуу маалыматты "Азаттык" сайты жазып чыкты.
"Азаттык" радиосунун 65 жылдагы чоң тарыхы бар майрамы менен куттуктайбыз. Ар дайым чындыкты элге жеткирип, ааламда үнүңөр жаңыра берсин кесиптештер.
Булак: NazarNews.kg