www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул эмне болгон канжар экенин түшүнбөй, басса-турса эле Сагындын жүрөгүн өйүчү болду. "Бул эмнеси? Канжар колго тийе элек жатып эле бир адамдын өмүрүн алып кетти, өткөн жолу иттин өмүрүн алса, андан кийинки ажал карышкырга жетти. Ооба, бул канжарды кармаганда эле бир нерселерди сайгылагьш келип колум кычышып турат, Анан да каякка ыргытсаң ошол жерге сайылып калганы таң калычтуу, дегеле жан түшпөйт экен.
Мына, ойдо жок жерден эле бир адамдын өлүмүнө себепкер болуп калдым. Эгер канжар болбосо Кадырбек өлбөйт болчу. Дал эле жүрөгүнө барып кадалып калганын кантесиң. Мен буга чейин элүү кадам эмес үч кадам аралыкка дагы бычакты ыргытып сая алчу эмес элем, муну карабайсыңбы өзү барып сайылып калганын. Мени аны атайылап өлтүрөйүн деген деле ниетим жок болчу. Кудайым өзүң кечире көр, милицияга билинип калбаса экен..." Сагын акыркы күндөрү ушулардый ойлоп жатып жүрөгүнө тамак баспай, күн-түнү уктаба убайым жеп кыйналып чыкчу болду. Анын бактысына жараша, ач карышкырлар Кадырбектин эч нерсесин калтырбай тытмалап, жара тартып жеп кетишиптир. Башы, буттары менен колдорунун башы гана калыптыр.
- Ыя тобо, ал тоонун башында жалгыз эмне кылып жүрөт?
- Балким, мал-салын жоготуп ошону издеп чыккандыр?
- Анын үстүнө мас да окшойт.
- Аны баш сөөгү менен кийиминен тааныбадыкпы, болбосо...
Жайлоодогулардын баары эле ошону сөз кылып жатышты. Анын
сөөгү айылга алып барып коюлду. Сагын болсо жаназасына топурак салганга да катышты.
Ошондон соң ал канжарды сандыктын эң түбүнө салып катып таштаган болчу. Ошол боюнча күзгө чейин аиылдагы үйүндө сандыкта жатты. Ал эми бийик ак кар, көк муздуу тоонун чокусундагы агын суунун түбүнөн таап алган алгачкы канжардын ээси болгон Алмаз аны издебеген, сураштырбаган жери калган жок. Күтүлбөгөн жерден табылып, кайра күтүлбөгөн жерден жоголуп кеткенине аябай таң калып жүрдү. Ошо күнү аны майлап, кошуналардын бардыгын чакырып алып көрсөтүп мактанганына аябай өкүнүп жүрдү. "Бул сырдуу канжарды эч кимге көрсөтпөй, ошол сырдуу боюнча сактап жүрө бергенде, балким жоголбойт беле?" деп да ойлоп коюп атты ичинен.
Бир күнү Сагындын баласы андан сурай кетти:- Ата, жайлоодо жүргөндө мен түн ичинде алып качып келген канжар каякта? Ошол канжар болбогондо мен же сууга агып жоголмокмун, же карышкырларга таланып жем болмокмун. Ал ушунчалык сыйкырдуу, укмуштуудай өзгөчөлүгү бар канжар экен. Түнкүсүн жаркырап күйүп, ошонун жарыгы менен келгем. Ошону көрсөтсөңөр, дагы бир жолу көрүп коёюн, болгону бир эле жолу колума кармайм, болду...
- Анын көзүн эбакта курутуп жок кылгам, уулум. Өтө коркунучтуу, кандуу канжар экен. Экинчи аны сөз кылба, таптакыр эле унут кылып коёлу. Ал тууралуу эч кимге да оозуңдан чыгарба, макулбу, уулум? Өтө эле чуулуу канжар экен...
Канжарга ушунчалык кызыгып жүрсө да, аны экинчи жолу атасынан сураганга даай алган жок. Анан эле бир күнү ичкилик ичип алып катуу мас болгон Сагын канжардын кайсыл жерде катылуу жатканын кандайча айтып жибергенин өзү дагы сезбей да, билбей да калды. Бул сырды аялы экөөсүнөн башка эч кимиси билчү эмес. Буга кокусунаи кулагы чалып калган уулунун чырагына май тамды. Ал канжарды дагы бир жолу көрүүгө ушунчалык куштарланып, кармалап көргүсү келип жүргөн. Бирок тилекке каршы, сандык кулпулануу болчу, анын ачкычы болсо атасы менен энесинде. Үйдө эч ким жоктон пайдаланып, ал эшикти ичинен илип алып сандыктын жанына басып келди. Кулпуну ачууга эч мүмкүн эмес экен. Сандыкты айланта кылдат текшерип чыкты. Ары-бери жагын колу менен сылагылап карап атып бир кезде жүзүнде жылмаюу пайда болду. Ооба, сандыкты ачса болот экен, анткени жыгачтын бурчтарынын бардыгы шуруп менен бекитилиптир. Ары жакка чуркап барып шуруп бурагыч, мык сууругуч, балта, бычак дагы ушу сыяктуу бир канча аспаптарды алып келди. Шуруп бурагыч менен кылдат, өтө дыкаттыкка салып, акырын артты көздөй бурап чыгара баштады. Өтө деле кыйналган жок, шуруп бат эле суурулуп чыгып кетти. Анан болгон шуруптардын бардыгын чыгарып, бири-бирине тыкат жайгашкан жалтыратылган тактайларды бирден ажыратып ала баштады. Сандыктын тактайларын биринин артынан бирин чыгарып алган соң, ичи кенен болуп көрүнуп калды. Ичиндеги ар кандай буюмдарды, кийим-кечек, чүпүрөк-сапырактардын бардыгын сыртка сууруп чыгарып кирди. Канжарды болсо ак чүпүрөккө дыкат ороп, эң түбүнө салып коюптур. Аны акырын алып стол үстүнө койду дагы ашканага чуркап барып кадимки эле аш бычакты алып келип, кайрадан ак чүпүрөккө мурдагысындай кылып кылдат ороп, кайра ордуна койду. Анан сандыктын ичиндеги чүпүрөк-сапырак, кийим-кечек, буюм-тайымдардын бардыгын мурун кандай болсо, дал ошондой кылып өтө эле дыкаттык менен орду-ордуна жайгаштырды. Жыгач тактайлар кандай бекитилген болсо, дал эле ошондой кылып бекитип, ар бирине шуруптарды бурап чыкты. Сырты жалтырак фольга менен капталып жасалган кооз сандык мурун кандай турган болсо, дал эле ошондой кылып калыбына келтирип салды. Дегеле эч шеги билинбейт. Буга дээрлик эки сааттай убакыт кетти. Өтө эле этияттык менен мунун баарын шашпай иштеп чыкты. Аслаптардын бардыгын орду-ордуна коюп, канжарды көтөрүп алып сыртка чуркап чыгып кетти.
Коноктон кеч кайтышкан апасы менен атасы ал жакка көңүл да бурушкан жок. Анын үстүнө Сагын коноктон адатынча бир топ эле кызуу болуп келген. Эртеси соолукканда сандыкка барып бир карап койду да, өзунүн жумуштары менен алек боло сыртка чыгып кетти. Дээрлик жарым жылдай сандыктын түбүндө жаткан кандуу канжар ошондон баштап кайрадан канга чыланып, колдон-колго өтүп саякат жасай баштады.
Бир күнү канжарды бир сыйра кармалап көргүсү келген Сагын кооз канжардын ордуна жөнөкөй эле бычак оролуп турганын көрүп, өз көзүнө өзү ишенбей күтүлбөгөн жерден катуу бакырып жиберди.
Саадатбек Мырзакул уулу.
Булак: Шамбала