www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Координациялык кеңеш 20 жыл мурун дагы болгон, деп билдирди Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Аалы Карашев (КСДП).
Депутаттар «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзам долбоорун карап жатышат. Анда регион боюнча координациялык кеңеш түзүү каралган.
«Мен өзүм 15 жыл мурун иштегем, укук коргоо органдары менен жолугушканбыз. Жаңы эч нерсе ойлоп тапкан жоксуздар. Сиз өзгөчө мамиле, салыктар жана сатып алуулар жөнүндө айтып жатасыз. Атайын режимсиз деле кызматтар жөнүндө мыйзамдарга, салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Мыйзам долбоорун пакет катары берүү керек болчу», - деди депутат.
Карашев мыйзам долбооруна бир катар толуктоолорду киргизүүнү сунуштады.
Экономика жана каржы министрлигинин өкүлү Баткен облусун өнүктүрүү үчүн кандай өзгөртүүлөр сунушталып жаткандыгын айтты.
Депутат Иса Өмүркулов (КСДП) буга чейин чек ара маселелерине жооптуу вице-премьер-министр болгон, азыркы тизмеде ушундай адам барбы, деп сурады.
«Учурдагы курамда - жок. Биз карап чыгабыз», - деп жооп берди министрдин орун басары Нурлан Шерипов.
Ал эми Өмүркулов жооп бере турган бир жооптуу адам болуш керек деп эсептейт.
Булак: NazarNews.kg