www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аалы Карашев өлкөдөгү паспорттук кризис мамселесин көтөрдү.

Анын айтымында, өлкөдө паспорттордун бланкасынын түгөнүүсү өнөкөткө айланды.

«Дайыма эле бланкабыз түгөнүп калды деп паспорттордун мөөнөтүн жылдырабыз. Кээде 6 ай, кээде бир жылга узартабыз. Башка мамлекеттер эмне дейт эми?!  Ким буга жооп берет? Алдын ала алар бланканын түгөнө тургандыгын билишпейби? Ортодо жөнөкөй жарандар кыйналып жатат» , - деди депутат.

Ошондой эле ал бланкалар түгөнгөнүн күтүп отура бербей, алдын ала тендер өткөрүп, буйрутма берүүнү сунуштады.

Мындан сырткары ал бул ишке күнөөлүлөрдүн жоопкерчилигин кароону талап кылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости