www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кухнядан» чыккан «баатыр» Сыймык Жапыкеев жеке керт башынын жыргалчылыгын ойлогон эргул экени ачыкталууда. Башта финпол жоюлуп, ИИМдин курамына кирүүгө пландалып жатканы эсибизде. Ошондо Сыймык тетири кетип, өзүнчө «качайтетип», каршы чыккан эле.

Жыйынтыгында, финполдун ЗЗОдөй кызматкери жумушсуз калды. «Үйдөн же Чүйдөн жок» деген икаядай. Эгерде «кухарка» тейтендебей кесиптештерин ИИМдин курамына киргизип койгондо, алар баштагы экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү иштерин уланта беришмек. Арканды алыс ыргыта албагандык эй!

Аныгында, жеке амбициянын айынан баары жумушсуз калышты. Ал эми Сыймык Жапыкеев генерал-майор наамын алып, Ысык-Көл облусуна прокурор болуп кетти. Бул жактагы кесиптештеринин баары аны сөгүп жатышат.

Ошентип, ЗООдөн ашык адам кызматтарынан айрылышты. Алардын убалы кимге? «Кухарка» ушунча да зыянкеч, шылуун беле?..

Булак: Азия News гезити

Последние новости