www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы 40 жылда дүйнөдө кант диабети менен ооругандардын саны төрт эсе өстү. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдирди.

«Диабет менен күрөшүү үчүн шашылыш чараларды көрүү зарылдыгы мурдагыдан да жогору. Акыркы 40 жылда кант диабети менен ооругандардын саны төрт эсе көбөйдү. Коронавируска чалдыккан ооруканалардагы оор абалда жаткан бейтаптардын басымдуу бөлүгү дагы диабет менен оорушат», — деди Гебрейесус.

Анын айтымында, кирешеси төмөн жана орто өлкөлөрдө адамдар дары-дармектин жетишсиздигинен кыйналып жатышат. Бул өлкөлөрдө кант диабети менен ооруган адамдар глюкометр жана анализ тапшыра алышпайт.

ДССУ 14-апрелде — инсулин ойлоп табылгандыгынын 100 жылдыгына карата диабет боюнча глобалдык келишимди сунуштамакчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости