www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ШИИБ начальнигине Азамат Ногойбаев дайындалды. Ушу тапта өздүк курамдын көпчүлүгү тымызын нааразы экен. Себеби, Ногойбаевди «торпок» кезинде Дөө Чыңгыз сүзүп койсо, моралдык жактан катуу сокку жегенден кийин арыз жазганы кайсы логикага сыят? Оперлердин мындай кадамга барышканын уккан эмеспиз. Кримавториттеттер менен күрөшүүдө профессионал милициялардын өздөрүнүн эрежелери бар. Эч убакта арызданышпайт.

Эми Бишкек шаарын тартипке келтирүүчү адам кантип башкаларга үлгү көрсөтөт? Баса, ГУБОПтон иштей албай кеткенин кайда жашырабыз?..  Дагы бир жагдай, Азамат Ногойбаев Сокулук РИИБде начальник болуп турганда Орок айылында улут аралык кагылыш чыгып, кырдаалды алдын ала көзөмөлдөбөгөнү үчүн айыпталган.

Мындайча айтканда, шалаакылыкка жол бергени эсибизде. Кызматтан айдалган. «Аңгекген качсаң дөңгөккө» дегендей, Бакыт Матмусаев бейкүнөө Айзаданьн өлүмү, ызы-чуу менен иштен алынса, анын ордуна дагы бир «шалаакы» Азамат Ногойбаев келип отурду. Баягы сырын алдырган семиз жеңенин образын элестетип, эми бул байкуш 1 миллиондон ашык калкы бар Бишкек шаарын кантип тескейт? Дегеле көзүбүз жетпей турат.

Сураштыра келсек, Азамат атасынын кадыр-баркы үчүн, бир эсе чүйлүк генералдардын суранычы менен аталган креслого дайындалыптыр. Мындай кадр көпкө узабайт, Ансыз да өздүк курамдагылар быкшып күлүшсө, начальник сөрөй иштен мүдүрүлсө, баскан жолу жарабаса, аягында кайсы үмүткө жылынасыңар?

Булак: Азия News гезити

Последние новости