www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- “Өкмөттүн дээрлик 70 пайыздан ашыгы жаңыланып отуруп, иш такыр жок, отставкага кетсин бул өкмөт” деп талап кылгандар арбыды...

-- Өкмөттүн иштеп атканына эки жыл болуп калды. Эки жыл ичинде 70 пайыз курам алмашты. Ошондон улам сындар көп. Бирок, өнүгүү деле жок эмес го. Ишти тарта албаган жетекчилерди кетирип, иштей алганын алып келгени деле туура да. “70 пайызы кетип, жаңыланды, өкмөт кетсин” дегенге кошула албайм. Себеби, ар бир жетекчинин ишине жараша баа берилиши керек. Жылдын жыйынтыгы менен милдеттерин аткардыбы, аткарбаса кетсин. 

-- Өкмөт “чет өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандыктардын жарандыгы автоматтык түрдө токтосун” деген сунуш киргизип жатат. Буга мигранттар нааразы. Сиздин оюңуз кандай?

-- Азыр деле бизде кош жарандуулукка мыйзам жол бербейт. Баары мыйзам чегинде болуш керек. Экинчи жагынан, өкмөттүн ал мыйзам долбоору бизге келе элек. Келсин, карайлы. Бирок, 800 миңден ашуун жараныбыз сыртта мигрант болуп жүрөт. Алардын баарын жарандыгынан ажыратып салсак, кандай болот? Бул өтө маанилүү, орчундуу маселе. Баардык жагынан терең талдап, анан чечим кабыл алышыбыз абзел. 

--Аалы Азимович, Россияга экспортубуз төмөндөп кеткенин айттыңыз. Эмне үчүн, анын себептерин иликтеп көрдүңүзбү?

-- Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болуп киргенибизге беш жыл болду. Ушуга байланыштуу «биз эч кандай пайда көргөн жокпуз, ага кирүүнүн кереги бар беле?» деген да пикирлер айтылууда. Мен айтат элем, андай эмес. Биз ЕАЭБге мүчө болгонубузду сынга албай, экономикалык биримдиктеги мүмкүнчүлүктөрүбүздү пайдалана албай жатканыбызды маселе кылып коюуга тийишпиз. Өкмөт бул жагынан жакшы жумуш алпара албай жатат. ЕАЭБде абдан көп шарттар бар. Биздин айыл чарба продукцияларыбызды сатуудан баштап, баардык тармактарды алып караганда. Кездеме, кийим-кече сатуу боюнча... Ооба, мен анализдеп көрдүм. Он бир айдын жыйынтыгы боюнча расмий статистикалык маалыматтарга караганда, биздин ЕАЭБдеги экспортубуз 3-4 пайызга, анын ичинде Россияга экспортубуз былтыркыга салыштырганда 22,7 пайызга төмөндөгөн. Бул бизге жакшы коңгуроо эмес. «Эмне үчүн?» деп себебин карап көрсөм, бизде экспортко багытталган Майлы-Суу электролампа заводу бар. Былтыр ал заводдун да экспорту 50 пайызга төмөндөп кеткен. Өкмөт ошол заводго жардам көрсөтүп, иштешине шарттарды түзүп берсе болот да. Бизде кийим тигүү продукцияларын сатуу да жаңылышпасам 48 пайызга төмөндөгөн. Өкмөт тактап туруп, экспортту кантип көтөрүүнүн үстүндө иш алпарышы зарыл. Былтыркыга салыштырганда биздин мигранттарыбыздын акча которуусу да он пайыздай төмөндөп атпайбы. Анын себебин да анализдеп чыгышыбыз керек. Балким, маселе ушундадыр. Биздин экспортубуз төмөндөгөндө, акча которуу да төмөндөп жатат. Россия тарап 150 миң рублден ашык акча которууга чектөө коюп, ошондон улам да төмөндөп жаткан болушу мүмкүн. Бирок, себеп жалгыз эле ал эмес.

-- Бул багытта кандай иштер жүргүзүлүшү керек деп ойлойсуз?

-- Биз Россиянын региондору менен иштесек болот да. Мисалы, Якутия, Чукотка болобу, же Тюмень облусу болобу, региондор менен бир жыл мурда түз келишимдерди түзүп, айталы, Якутияга 10 миң тонна пияз, 100 миң тонна чеснок керек, кепилдиги менен сөзсүз сатып алат (!) деп алдын ала айтсак, биздин дыйкандарга жакшы болмок. Айыл чарба министрлиги ушунун үстүндө иштеши керек.

-- Биздин шаарлар, же облустар алардын шаар-облустары менен достошуп, туугандашкан учурлар көп эле. Бирок, алардын көбү формалдуу болуп атпайбы.

-- Туура айтасыз, анын көбү кагазда эле калып калууда. Делегациялар барат, эки-үч күн конок болуп эле кайра келишет. Бирок, анын натыйжасы кандай? Реалдуу пайда болуп жатабы? Ошондуктан, иштей турган экономикалык келишимдерге өтүү кажет. Өнөр жай кооперациясына өтүү зарыл. Алардын заводдору менен түздөн-түз иштеп, керек болсо бизде филиалдарын ачтырып. Потенциал деген ошол да.

-- Буга чейин ЕАЭБ менен иштешүүнү вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жүргүзүп келген. Кечээ өкмөт башчы бул милдет эми экономика боюнча вице-премьер Эркин Асрандиевге жүктөлөрүн билдирди. Бул өзгөрүү кандайдыр бир натыйжасын бериши мүмкүнбү?

- Мен бул маселе боюнча бир жарым ай мурда өкмөттүн жыйынында «биз ЕАЭБдеги мүмкүнчүлүктөрүбүздү пайдалана албай жатабыз. Күч органдарын тейлеген вице-премьер ЕАЭБди тейлөөдө. Ал экономика менен иштейби, же чек ара, укук коргоо органдары менен иштейби?» деп катуу сын-пикир айткам. Ошол себептен, биз эң негизгиси позицияларыбызды алдырып коюудабыз. Аны коргош керек да. Мына, өкмөт башчы ЕАЭБ менен эми экономиканы тейлеген вице-премьер иш алпарарын жарыя кылды. Менимче, бул туура чечим болду го. Себеби, вице-премьер-министрге бир тармактуу, системалуу, максаттуу жумуш алпарганга толук кандуу шарт түзүлүп жатат. Албетте, мен кыйратып жиберерин айта албайм, убакыт көрсөтөт. Бирок, Эркин Асрандиевдин тажрыйбасы бар, Кыргыз-Орус фондусунда иштеп, эл аралык мамилелерди кантип жүргүзүү керектигин билет. Кесиби да экономист. Иштеп кетерине үмүтүм бар. Кыргыздын жараны катары чоң жоопкерчилик жүктөлүп жаткандан кийин аракет кылууга милдеттүү.

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости