www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карамат Орозова Баткен районунун Суу-Башы айылынын 6-7 миң тургундарынын атынан кат келип, жер бөлүп берүүсүн суранып кайрылышкандыгын айтты.
Анын айтымында бир үйдө 5-6 үй-бүлө жашап жатышат. Андыктан айыл тургундары жер маселесин карап берүүнү сураган: “Калктуу конуштарга 1312 гектар жер каралса, анын трансформация болгону 469 гектар. Бул калкка жетпейт. Ошондуктан, бул маселени тездетели. Баткен районунун жайыт жерлери, айыл чарба жерлери чек арага жакын жайгашкандыктан, кошуналар ал аймакка көз артып, чек ара чырлары келип чыгат.
Чоң завод-фабрикалар, жумуш орундары жок. Ошон үчүн курулуштарды куруп, жумуш орундарын түзүп, кабат үйлөр салынып, ипотекага жана жеңилдетилген шартта үй берилсин.
Ипотекалык үйлөр эң төмөн пайыз менен чек арада жашаган элге берилсин. Кооптуу чек арада жашаган тургундар чет жакка чыгып кетип жатышат. Мугалим, доктурларды кармап калуу максатында электр энергиясынан, жер салыгынан кыскартсак”,-деген маселени көтөрүп, алардын айлыгына 25 пайыз кошуп берүүнү сунуштады.
Жер маселеси чечип берилишин, чек ара аймагында жашаган элге жеңилдетилген шартты түзүп берилиши керектигин баса белгилеп өттү.
Булак: NazarNews.kg