www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 5-февралда Иран менен чектешкен Ван провинциясынын Бахчесарай шаарына жакын жердеги жолдо болгон. Ал учурда 300дөй куткаруучулар андан бир күн мурдагы көчкүдөн кийин дайынсыз кеткен эки кишини издеп жатышкан учурда, кайрадан кар көчүп 38 куткаруучу каза болуп, 50 дөй киши жаракат алды. Дагы бир топ адам кар камоосунда калган болушу ыктымал, так саны белгисиз.
Учурда куткаруу иштери жүрүп жатат. Бирок, кар жаап, катуу шамал уруп, туман түшкөн учурда издөө иштерин татаалдантууда. Мындан тышкары, окуя болгон жерде кайрадан кар көчкү коркунучу сакталууда деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg