www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча жүргүзулгөн иш-чаралардын негизинде, КР УКМК ККК айрым коммерциялык компаниялардын калкка байланыш кызматын сатуудагы салык төлөмдөрүн төлөөдөн качкан схемасын аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, материалдар боюнча коммерциялык компанияалардын биринде жүргүзүлгөн салыктык текшерүү иштеринин алкагында, КР УКМК ККК  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган. Жыйынтыгында мамлекетке 26 миллион 408 мин 750 сом зыян келтиргени аныкталды.

“2020-жылдын 30-январында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында “экономикалык жана кызматтык кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу, акчалай каражаттарды топтоштуруу жана эсепке алуу үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеби” аркылуу мамлекеттик бюджетке 26 миллион 408 мин 750 сом которулду”,-деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости