www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөн районунун Салам-Алик айылынын жолу негизги көйгөй жаратуучу маселенин бири. Бул тууралуу депутат Аалы Карашев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жолдор оңдолгону менен оор жүк ташыган машинелер жолду басып өткөндө кайра эле баштагы абалына келип калат.
“Өзгөн районунун Салам-Алик айыл өкмөтүнүн тургандары менен жолугуп келдим. Эң алыскы, шарты оор айылдардын бири. Тургундар жол боюнча негизги маселени коюп жатат. Ал жерде көмүр кени жайгашкан. Оор жүк ташуучу машинелер өткөндө жолду талкалап атат. Акыркы 4 жылды анализ кылып көрдүм. 4 жылдын ичинде мамлекет жолго 26 жарым миллион сом коротуп, 6 километр асфальт төшөп берген. Жылына оңдоп-түзөөгө акча каражаты бөлүнөт. Бирок тилекке каршы, ошол коргон акча текке кетип жатат. Акчаны жөн эле корото беребизби? Оор жүк ташыган машинелер өткөндө жол жараксыз абалга келүүдө”-деди Карашев.
Булак: NazarNews.kg